Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам жөнөтүүгө даяр

Кыска кабар | 17 Сен 2021 | 388 | 0

Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам жөнөтүүгө даяр. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда Душанбе шаарында (Тажикстан) өтүп жаткан ШКУ саммитинде билдирди.

Отурумда Жапаров Ооганстандагы акыркы кырдаалды эске алуу менен эл аралык экстремисттик жана террордук күчтөр тараптан болгон коркунуч жана чакырыктарга каршы күрөшүү маселелерине көңүл буруу керектигин айтты.

Ал ШКУ өлкөлөрүнө кол салууга жол бербөө жана миграциялык процесстерди жөнгө салуу үчүн өз ара байланыш стратегиясын иштеп чыгууну сунуштады.

Аны менен бирге Жапаров Кыргызстан Ооганстандагы кырдаал турукташып, тынчтык жана бейпилдик орношун колдой турганын айтып, Ооганстанда туруктуулуктун, тынчтыктын орношу ооган элинин да, аймактагы жана дүйнөдөгү өлкөлөрдүн да кызыкчылыгында экенин белгиледи.

Андан тышкары президент Кыргызстан Ооганстандын элине гуманитардык жардам жөнөтүүгө даяр экенин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM