Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк банк Doing Business рейтингин чыгарууну токтотту

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Сен 2021 | 982 | 0

Дүйнөлүк банк Doing Business рейтингин чыгарууну токтотту. Ал мындан мурдагы рейтингдерди чыгарууда бурмалоого жол берилгени менен байланыштуу экени айтылды.

«Дүйнөлүк банктын жетекчилиги Doing Business рейтингин чыгарууну токтотот. Алдыда ишкердик жана инвестициялык климатты баалоо боюнча жаңы ыкмаларды иштеп чыгабыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Дүйнөлүк банк Doing Business рейтингин 2002-жылдан бери жүргүзүп келген. Анда 200гө жакын өлкө ишкананы каттоо, курулушка уруксат алуу, менчикти каттоо, насыя алуу, салык төлөө ж.б. жалпы он көрсөткүч боюнча бааланып, ишкерлик менен алектенүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлгөн мамлекеттердин тизмеси түзүлүп турган.

Былтыркы рейтингде Кыргызстан 80-орунга жайгашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM