Биз менен байланышыңыз

Душанбеде ШКУ саммити башталды — сүрөтү

Кыска кабар | 17 Сен 2021 | 698 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин отурумуна катышуу үчүн Душанбе шаарындагы «Кохи Навруз» комплексине келди.

Жапаров комплекске келгенде Тажикстандын президент Эмомали Рахмон тосуп алды. Андан соң ШКУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери чогуу сүрөткө түшүп, кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн жыйындар залына киришти.

Саммитке ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары катышат: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан. Ошондой эле байкоочу макамы бар мамлекеттердин лидерлери: Ооганстан, Беларусь, Иран жана Монголия. Мааракелүү саммитте ардактуу мейман катары Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов келген.

Эске салсак, дагы алты өлкөнүн уюмда диалог боюнча өнөктөш макамы бар: Азербайжан, Армения, Камбожа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка.

Белгилей кетсек, бүгүн биринчи жолу Шанхай Кызматташтык Уюму жана Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары жолугат.

Copyright © 2017 Maral FM