Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын футбол курамасы ФИФА рейтингинде 98-орунга көтөрүлдү

Кыска кабар , Спорт | 17 Сен 2021 | 565 | 0

Кыргызстандын футбол курамасы ФИФАнын жаңыланган рейтингинде 98-орунга көтөрүлдү. Тизме уюмдун расмий сайтына 16-сентябрда жарыяланды.

Акыркы жолу 12-августта чыккан рейтингде Кыргызстан 101-орунда болгон. Андан кийин «ак шумкарлар» сентябрь айынын башында Палестина жана Бангладештин курамалары менен Үч улуттун кубогу мелдешинин алкагында эки оюн өткөргөн. Эки бештеште тең Кыргызстан жеңишке жеткендиктен алар рейтингде үч орунга көтөрүлгөн.

ФИФАнын рейтингинин алдыңкы үчтүгүндө Бельгия, Бразилия жана Англия курамалары турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM