Connect with us

Түркияда Орхан Инандынын соттук процесси башталды

Кыска кабар | 17 Сен 2021 | 768 | 0

Түркияда «Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инандынын соттук процесси башталды.

Отурум кечээ, 16-сентябрда өтүп, Инанды ага абактан видеобайланыш аркылуу катышты. Ал эми сот залында анын жактоочусу болду.

Отурумда Инанды коргонуу үчүн кошумча убакыт берүүнү суранган. Анын айтымында, колу сынгандыктан жетиштүү түрдө даярдана албай калган.

Ошондой эле ал иштин материалдарындагы айрым күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн ала албаганын, кийинки отурумга чейин ал көрсөтмөлөр менен таанышкысы келгенин билдирген. Инанды ден соолугуна байланыштуу камактан чыгарууну өтүнгөн.

Сот отурумду жылдырып, бирок Инандыны камакта калтырган.

Эскерте кетсек, Орхан Инандыны 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткен. Ал бир айдан ашык убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган алардын чалгын кызматы Орхан Инандыны Түркияга алып келгенин билдирген. Ага байланыштуу 6-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчиси Ахмет Доганга каршылык нотасын тапшырган. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Түркиядан Орхан Инандыны кайтарып беришин талап кыларын билдирген.

Орхан Инанды Түркияда «куралдуу террордук уюмду башкарууга» айыпталууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM