Биз менен байланышыңыз

Бишкектин троллейбус башкармалыгына айдоочулар керек

Кыска кабар | 13 Сен 2021 | 205 | 0

Бишкектин троллейбус башкармалыгына айдоочулар керек. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Кийинки жылы 120 электробус алып келинет. Буга байланыштуу 3 жылдан кем эмес айдоочулук тажрыйбасы бар D категориядагы айдоочулар жана троллейбустун айдоочулары кабыл алынат.

Мэрия бекер окутуу жана стажировка, расмий жумуш орду, социалдык пакет, татыктуу эмгек акы убада кылат.

«Биздин ишкананын негизги жумушу жүргүнчүлөрдү ташуу болуп саналат. Автобус менен троллейбустун айдоочусу — жоопкерчиликтүү иш. Айдоочу каттамга чыгардан мурун ар бир жүргүнчүнүн өмүрү жана ден соолугу үчүн жооптуу экенин түшүнүшү керек. Учурда троллейбус айдоого кызыккандар аз», — деп айтылат маалыматта.

Бишкекке газ менен жүрүүчү 210 жаңы автобус алынып келинди

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM