Биз менен байланышыңыз

«Реформа» партиясы «Ата-Мекен» партиясы менен бирикти

Кыска кабар | 11 Сен 2021 | 1069 | 0

«Ата-Мекен» менен «Реформа» партиялары биригишти. Алар 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого биригип барууну ниеттенишүүдө. Бул тууралуу журналист Жакшылык Бердибек уулу «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Бүгүн, 11-сентябрда эки партиянын лидерлери жана мүчөлөрү жолугуп сүйлөшкөн.

2-сентябрда парламенттик шайлоого биригип баруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүшүп, бир пикирге келгенден кийин биригүү тууралуу чечимин жарыя кыла тургандыктарын билдиришкен.

«Ата-Мекен» менен «Реформа» парламенттик шайлоого биригип барууну көздөөдө

Copyright © 2017 Maral FM