Биз менен байланышыңыз

«Ата-Мекен» менен «Реформа» парламенттик шайлоого биригип барууну көздөөдө

«Ата-Мекен» менен «Реформа» партиялары 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого биригип баруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө.

Бүгүн, 2-сентябрда эки партиянын лидерлери жана мүчөлөрү жолугуп сүйлөшкөн.

«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулованын айтымында, азырынча сүйлөшүүлөр аягына чыга элек. Партиялар шарттарын макулдашып, бир пикирге келгенден кийин биригүү тууралуу чечимин жакын арада жарыя кылат.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо жаңы Конституция жана шайлоо мыйзамына ылайык өткөрүлөт. Жаңы келе турган парламентте 90 депутат болот. Алардын 54ү партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.

Партиялар шайлоого катышуу тууралуу билдирүүсүн БШКга 3-сентябрь саат 18:00гө чейин бериши керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM