Биз менен байланышыңыз

ИИМ Орозайым Нарматова бошотулганын билдирди

Кыска кабар | 10 Сен 2021 | 1340 | 0

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматова ИИМге күбө катары сурак берип, учурда үйүнө кое берилди. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ИИМдин тергөө кызматы сотко чейинки иштерди териштирүү максатында, Орозайым Нарматованы суракка алган. Ал күбө катары сурак берген. Учурда активист Нарматова үйүнө кое берилгени айтылды.

Белгилей кетсек, укук коргоо органдарынын кызматкерлери бүгүн, 10-сентябрда таңга маал Ош аэропортунан Нарматованы кармап кеткен. Нарматованын кармалышы боюнча социалдык түйүндөрдө нааразы пикирлер жаралып, бийликке каршы сындар айтылууда.

ИИМдин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, активист Орозайым Нарматова «Мен макул эмесмин» жана «Менин укугум бар» кыймылдарынын лидери болуп, ага мүчө болгондордун бийликке нааразылыгын күчөтүү үчүн өлкө жетекчилигине негизсиз сындарды айтып келген.

Орозайым Нарматова «интернетте бийликти негизсиз сындоого» айыпталууда

 

Copyright © 2017 Maral FM