Биз менен байланышыңыз

Орозайым Нарматова «интернетте бийликти негизсиз сындоого» айыпталууда

Саясат | 10 Сен 2021 | 1064 | 0

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматованы укук коргоо органдарынын кызматкерлери бүгүн таңга маал Ош аэропортунан кармап кетти. Нарматованын кармалышы боюнча социалдык түйүндөрдө нааразы пикирлер жаралып, бийликке каршы сындар айтылууда. Айрымдары бул окуяны алдыдагы шайлоого карата саясий оюндардын башталышы катары да баалашууда. Ошол эле учурда азыркы бийликтин тарапташтары Орозайым Нарматованын кармалышын алкоого алып, аны чагымчылдыкка айыптап жатышат. Нарматованын кармалышынын чоо-жайы жана анын саясаттагы ордуна алдыда кененирээк токтолобуз.

ИИМдин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, активист Орозайым Нарматова «Мен макул эмесмин» жана «Менин укугум бар» кыймылдарынын лидери болуп, ага мүчө болгондордун бийликке нааразылыгын күчөтүү үчүн өлкө жетекчилигине негизсиз сындарды айтып келген.

«Бул коомду козутуу жана бийликти күч менен басып алууга шарттарды түзүү үчүн коомдук терс пикирди калыптандыруу, коомдук-саясий процессти бир жактуу чагылдыруу белгилеринин бар экенин күбөлөндүрөт. Чогултулган материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесиндеги (Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар ​​аралык кастыкты козутуу) кылмыштын негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды», — деп айтылат маалыматта.

Орозайым Нарматова ИИМдин Тергөө кызматынын тапшырмасы менен 10-сентябрда Ош шаарынын аэропортунда күтүүсүздөн кармалган. Ага айыптоолор боюнча алдын ала билдирүү жана чакыруу келген эмес. Учурда аны Ички иштер министрлигинин 10-кызматы Бишкекке унаа менен алып келди.

Орозайым Нарматованын адвокаты Сейитбек Довлатов жогоруда айтылган айыптоолор толугу менен негизсиз экенин белгилейт. Анын айтымында, бул — жөн эле куру доомат, саясий куугунтук. Нарматова бир да жолу бийликти басып алууга чакырык таштаган эмес.

«Бийликти негизсиз сындаган» деп эле баарын жоопко тарта берсе, эч ким калбай калат го. Экинчиден, ал жерде ушул жылдын 5-6-майларында «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык кылган» деп айыптаптыр. Бир да жерде элди, коомду басып алууга чакырык таштаган жери жок. Бул — жөн гана негизсиз айыптоо, жалган жалаа, тагыраагы, саясий куугунтук. 313-берене менен деп жатат. Бул боюнча айыптоо да — жомок. Нарматованын бир да сөзүндө улуттарга, расага, динге тиешелүү ой жок. Айыптарга таптакыр жок нерсени жазып жатышканы — өтө аша чапкандык». 

Ошондой эле Довлатов мыйзам чегинде анын укугун коргоп, алдыда нааразычылык акцияларына чыга тургандыктарын кошумчалады.

Орозайым Нарматова өзүнүн соцтармактагы баракчаларынан бийликтин аракетин активдүү сындап келет. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын алдыңкы ондук тизмеси менен барган. Акыркы убакта Орусияда миграцияда жүрүп, жакында эле оорудан каза болгон бир тууган агасынын сөөгүн Ошко алып келип, жерге бергенден кийин, кайра Орусияга кайтып баратканда кармалган.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров бүгүн «Фейсбук» баракчасы аркылуу Орозайым Нарматованын мыйзамсыз кармалышы боюнча видео кайрылуу жарыялады. Мадумаров укук коргоо органдары Нарматованы Оштогу аэропорттон чоң кылмышкерди кармагандай жашыруун алып чыгып кетишкени уят иш болгонун, убагында Садыр Жапаровду да кармап кеткенде бийликке кайрылуу жасаганын, эми ал Жапаровго кайрылып жатканын белгиледи.

Журналист, саясий эксперт Айданбек Акматов Нарматованын кармалышын зөөкүрлүк деп эсептейт. Анын айтымында, бийликтин активисттерди кармоо менен ар кимди бийликкке коюп алгандан башка иши жоктой.

«Мен бул бийликтин кандай максаты жана ою бар экенин түшүнбөй турам. Мамлекеттин алдында башка маселе жок сыяктуу. Өлкөбүздүн экономикалык абалы кандай болуп жатат? Ар кимди кызматка коюп, ар кимди камап, зөөкүрлүк кылып жатышат. Саясий куугунтук кылып саясатчыларды камап, мына Жеңиш Молдокматов отурат. Болбосо, өткөн жылдын 5-6-октябрында бүгүнкү бийликте отургандар митингде өздөрү кошо жүрүшкөн. Эми мындан башка иши жоктой кичинекей кызды кармап отурганы — акылга сыйбаган зөөкүрлүк». 

Эске салсак, президент Садыр Жапаров буга чейин бир канча жолу саясий куугунтук болбой турганын айткан.

Бирок ага карабай бир канча саясатчыларга жана активисттерге ачык куугунтуктоо жүрүп келгенин серепчилер жашырбайт. Буга чейин саясатчы Жеңиш Молдакматов менен активист Тилекмат Кудайберген уулу «бийликти күч менен басып алууга чакырык таштаган» деген шек менен камалган.

Саясат таануучу Эмил Жороев Кыргызстанда активисттерди массалык камоо менен бийликтин иши алдыга жылбаганын белгилейт. Анын пикиринде, түрмө жана жасалма соттор аркылуу эч нерсени оңдоп болбойт. Шайлоо алдында мындай окуялардын орун алышы шайлоонун атаандаштыктын негизинде өтүшүнө да күмөн жаратат.

«Жаңы бийликтин мындай аракетке түшүп алышы өтө кейиштүү болуп жатат. Бийликтин күч бутагына таянганы, соттоо, камоо сыяктуу ыкмаларга кайра кайрылганы бизге тааныш болуп калган терс адатка өбөктөп жатканынан кабар берет. Куран окутууга келери менен кармалганы өтө кейиштүү жана легитимдүү бийликтин ыкмаларына жатпаган көрүнүш. Камоо деген бийликтин башка айла калбагандагы ыкмасы болушу керек. Негизи Садыр Жапаров бийлик башына жаңы келгенде куугунтуктоо токтойт деген болчу. Түрмө, соттоо, камоо аркылуу эмес, башка ыкмаларга өтөр бекен деген үмүт бар болчу. Менимче, толук бойдон эски ыкмага түшүп алышты, бул — жакшы көрүнүш эмес». 

Кошумчалай кетсек, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ушул жылдын 8-июлундагы маалымат жыйынында интернетте бийликти негизсиз сындап, коомду радикалдаштыргандар эртеби-кечпи жоопкерчиликке тартыла турганын эскерткен. Ошондой эле алар өлкөнүн сыртында да, ичинде да Атайын кызмат тарабынан каттоого алынып жатканын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM