Connect with us

ИИМ: Нарматова бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган

Кыска кабар | 10 Сен 2021 | 1841 | 0

Ички иштер министрлиги активист Орозайым Нарматованын кармалышы боюнча билдирүү таратты.

Маалыматта «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова «Мен макул эмесмин» жана «Менин укугум бар» кыймылдарынын лидери экени, бир канча жылдан бери Орусияда жашай турганы жана кыймылдын мүчөлөрү менен жолугушууларды өткөрүп турганы айтылат.

Аида Касымалиева: Нарматованы кармоо бийликтин аброюн түшүрөт

«Анда Нарматова эмгек мигранттарынын жана Кыргызстандын аймагында жашаган жарандардын бийликке нааразылыгын жогорулатуу үчүн өлкөнүн саясий жетекчилигине негизсиз сындарды айтып келет. Ал билдирүүлөрүндө бийликтин ишмердигин жокко чыгаруу тууралуу айтат. Бул коомду козутуу жана бийликти күч менен басып алууга шарттарды, өбөлгөлөрдү түзүү үчүн коомдук терс пикирди калыптандыруу, коомдук-саясий процессти бир жактуу чагылдыруу белгилеринин бар экенин күбөлөндүрөт», — деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Чогултулган материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси (расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар ​​аралык кастыкты козутуу) менен катталып, сотко чейинки тергөө башталды.

ИИМдин Тергөө кызматынын тапшырмасы менен 10 -сентябрда Нарматова Ош шаарынын аэропортунда кармалган.

Жанар Акаев: Орозайым Нарматованы тез арада бошотууну талап кылам!

Copyright © 2017 Maral FM