Connect with us

ИИМ: Орозайым Нарматова Бишкекке алып келине элек

Кыска кабар | 10 Сен 2021 | 1199 | 0

Бүгүн, 10-сентябрда Ош шаарындагы аэрпортто кармалган  «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматова Бишкекке алып келине элек. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Нарматованы ИИМдин 10-башкармалыгынын кызматкерлери кармап, учурда Бишкекке алып келе жатат.

ИИМдин өкүлү Нарматова кайсы ишке байланыштуу кармалганы тууралуу маалымат такталып жатканын, кийинчерээк берилерин билдирди.

Ал эми анын жактоочусу Сейитбек Довлатов ММКларга Нарматова «бийликти басып алууга чакырык жасаган» деген шек менен кармалганын айткан.

Эскерте кетсек, Орозайым Нарматова бүгүн эртең менен саат 05:00 Ош шаарындагы аэропортто Москвага учуп кетер алдында милиция тарабынан кармалган.

«Бүтүн Кыргызстан» партиялашынын кармалышын саясий куугунтук деп эсептейт жана анын кое берилишин талап кылат. Андан тышкары бир нече саясатчы да Нарматованын кармалышы бийликтин аброюн түшүрөрүн айтып, бошотууну талап кылууда.

Нарматова былтыр «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын катарында парламенттик шайлоого катышкан. Ал Орусияда эмгек мигранты болуп иштейт.

Мындан мурда ал азыркы президент Садыр Жапаровдун тарапташы болуп келген.

«Бүтүн Кыргызстандын» мүчөсү Орозайым Нарматованы милиция кармап кетти

Copyright © 2017 Maral FM