Биз менен байланышыңыз

«Бүтүн Кыргызстандын» мүчөсү Орозайым Нарматованы милиция кармап кетти

Кыска кабар | 10 Сен 2021 | 3524 | 1

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы бүгүн, 10-сентябрда Ош шаарында партия мүчөсү Орозайым Нарматованы укук коргоо органдары кармап кеткенин билдирди.

Партия Нарматованын кармалышын сөз эркиндигин кысуу, саясий куугунтук катары баалайт.

«Өлкөбүздөгү мыйзамсыздыктарга, акыйкатсыздыктарга өз ой-пикирин билдирген жараныбыз, партиялашыбыз Орозайым Нарматованы бүгүн эртең менен саат 05:00 тегерегинде Ош аэропортунан укук коргоо органдары кармап кеткени белгилүү болду. Бийликтин бул аракети сөз эркиндигине болгон чоң сокку», — деп билдирет партия.

Нарматованын партиялаштары менен аны колдогон жарандар бүгүн саат 10:00дө Ош шаардык милициясынын алдына митингге чыгып, анын бошотулушун талап кылат.

1 пикир

1 пикир

  1. Pingback: «Бүтүн Кыргызстандын» мүчөсү Орозайым Нарматова кармалды | Ring.Kg

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM