Биз менен байланышыңыз

Быйыл чет мамлекеттердеги шайлоо тилкелери көбөйтүлөт

Кыска кабар | 8 Сен 2021 | 204 | 0

Кыргызстандын сыртында жашаган мекендештердин добуш берүүсү үчүн буга чейин 48 шайлоо тилкеси ачылып келген. Быйыл чет жердеги шайлоочулар дагы көбөйгөнүнө байланыштуу 57 тилке ачылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова басма сөз жыйында кабарлады.

Жаңы шайлоо тилкелери Орусияда, Италияда, Түркияда жана АКШда ачылат.

Буга чейин шайлоо участкалары дипломаттык жана консулдук мекемелерде гана ачылып келсе, быйыл мыйзамга ылайык, башка жайларга да уюштурулат.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Парламент 90 депутаттан туруп, алар пропорционалдык жана мажоритардык система аркылуу шайланат.

Чет жактагы мекендештер бир мандаттуу округдарда добуш бере албайт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM