Биз менен байланышыңыз

Чет жактагы мекендештер бир мандаттуу округдарда добуш бере албайт

Кыска кабар | 8 Сен 2021 | 1018 | 0

Чет жактагы мекендештер бир мандаттуу округдар үчүн добуш берүүгө катыша албайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова басма сөз жыйында маалымдады.

Бирок алар пропорционалдык шайлоого катыша алышат.

Парламенттик шайлоону өткөрүүгө болжол менен 602 млн сомго жакын акча сарпталат, ага чет өлкөлүк донорлор да жардам берет.

Эртең, 9-сентябрда жалпы шайлоочулардын алдын ала тизмеси жарыяланат. 19-сентябрдан тарта шайлоочулар өздөрүн тизмеден тактай алат.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Парламент 90 депутаттан туруп, алар пропорционалдык жана мажоритардык система аркылуу шайланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM