Биз менен байланышыңыз

Клара Сооронкулова: Соттун 100 кишини тыңшоого уруксат бергени туура эмес

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Сен 2021 | 1070 | 0

Соттун 100гө жакын адамдын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого бир кагаз менен уруксат бергени мыйзамсыз. Мындай пикирин юрист, «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова «Маралдын» түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Коопсуздук кызматтарынын каалаган кишисин тыңшай бергенге укугу жок. Мыйзамда кимдердин телефонун кандай негизде тыңшаса болору, кайсы процедуралар сакталышы керектиги так көрсөтүлгөн. Аны прокурор катуу көзөмөлгө алып, тыңшоо мыйзамдын негизинде болуп жатканын улам текшерип туруусу керек эле.

«Бизде болсо көрдүңөр, ИИМдин түшүндүрмөсүндө «ведомство аралык топ болгон, ошол топтун ичинде прокурор өзү да болгон» деп айтып жатышат. Прокурор көзөмөлдөбөстөн, өзү кошо аткаруучу болуп жатат. Бир эле кылмыш иштин алкагында 100гө жакын киши тыңшалып жатат. Мыйзам боюнча жүз кишини бир алып барып уруксат албайт соттон. Ар бири үчүн жеке суранат. «Аны тыңшоого момундай негиздер бар, далилдерди жашырып жатат. Дагы эле баягы кылмыштуу иштерин улантып жатат, мен аларды ачыкка чыгарышым керек» деп уруксат алат. А бул жерде эчтеке жок. Сот бул жерде сөзсүз жок деши керек болчу. Бирок баары бир система болуп жатпайбы. Бул абдан опурталдуу. Баарыбыз үчүн чоң коркунуч. Азыр коопсуз чөйрөдө жашайбыз, биздин жеке жашообуздун купуялуулугу сакталат дегенге эч ким кепилдик бере албайт», — дейт юрист.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM