Биз менен байланышыңыз

Омошев: Резервдик фонддогу акчадан ишкерлерге берилсе болмок

Күн чабыт , Кыска кабар | 3 Сен 2021 | 5081 | 0

Кыргызстандын экономикасын жандантуу үчүн ишкерлерге колдоо көрсөтүү керек. Мындай пикирин ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы Жоодар Омошев «Маралдын» түз эфиринде билдирди.

Ал Резервдик фонддогу акчанын 1/4 бөлүгүн бизнеске салуу керек деген ойдо.

«Бул жерде 1 млрд 400 миллионго жакын акчадан кеп кылып жатабыз. Ушул акчанын эч болбосо, 1/4 бөлүгүн ишкерлерге чыгарып берсе, грант болбосо да пайызсыз кредиттерди берип, ушундай жол, ыкма менен жардам берсе болмок. Себеби, рынокто кан жүгүртүү болушу керек. Кан жүгүртүү болушу үчүн бизнеске акча кириши керек. Айлантууга акча кирсе гана Кыргызстандын экономикасы жанданат. Ипотека сыяктуу колдонуучу кредиттерди көбөйтсө гана элде акча болот. Элде акча болсо, биздин да өндүрүшүбүз, соодабыз болот. Рынокко акча кирбесе, экономика көтөрүлбөйт,  экономика көтөрүлбөсө, бюджетке акча түшпөйт. Бюджетке акча түшпөсө, кантип профицит менен чыгабыз деп жатышканын мен түшүнбөй жатам», — дейт Омошев.

Ал ошондой эле Кыргызстандын тышкы карызы 5 млрд долларга жакындап калганын эскертип, аларды төлөөнүн 2 гана жолу бар экенин кошумчалады. Биринчи жолу — бюджетке ички рыноктон же ишкерлерден түшкөн акчаны төлөп кутулуу. Экинчи жолу — сырттан грант же кайра насыя алып төлөө.

«Сырттан грант болбосо, ички рыноктон келген акчалар болбосо, кредиттерди кантип төлөшөт? Ушундай нерселерди да эске алуу керек», — деди ишкер.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM