Биз менен байланышыңыз

Маматов: Шайлоо күнү жарандарга экиден бюллетень берилет

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Сен 2021 | 1165 | 0

Шайлоо тилкесине келген жарандарга 2 бюллетень берилет. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, иш жүзүндө бул эки шайлоо болуп эсептелинет. Биринчи бюллетень менен жарандар округ боюнча өзүнүн депутатын тандашат, экинчи бюллетенди алганда, ал жерде саясий партиялардын номерлери болот. Ал номерлердин астында дагы 54 номер болот, аларда талапкерлердин аты-жөнү жазылат.

«Шайлоочу саясий партиянын ичиндеги талапкерлерге добуш бербесе да, партияны тандашы керек. Бул партиянын 5% босогодон өтүшү үчүн зарыл», — дейт Маматов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM