Биз менен байланышыңыз

Өмүрбек Текебаев Германиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Кыска кабар | 1 Сен 2021 | 1111 | 0

Бүгүн, 1-сентябрда саясатчы, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил менен жолугушту. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынан билдиришти.

Жолугушууда Ооганстандагы акыркы кырдаал жана анын Борбор Азияга болгон таасири талкууланган.

Эске салсак, буга чейин «Марал» радиосуна жеке булактарыбыз Өмүрбек Текебаевдин Кыргызстандын Германиядагы элчиси боло тургандыгын билдирген. Бирок ал боюнча Өмүрбек Текебаев ачык жооп берген эмес.

Өмүрбек Текебаев Германияга элчи болот

Copyright © 2017 Maral FM