Биз менен байланышыңыз

Өмүрбек Текебаев Германияга элчи болот

Кыска кабар | 17 Авг 2021 | 3970 | 2

Саясатчы, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болот. Бул тууралуу «Марал» радиосуна өздүк булактардан билдиришти.

Алардын айтуусу боюнча, саясатчыга элчи болууга сунуш түшкөн жана керектүү документтери чогултулуп, Германияга кароого жөнөтүлгөн. Элчиликке дайындалуу боюнча акыркы чечимдин 10-сентябрга чейин чыгуусу күтүлүүдө.

Маалыматты тактоо максатында Өмүрбек Текебаевдин өзүнөн жооп алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстандын Германиядагы элчиси кызматын Эрлан Абдылдаев аркалайт. Ал аталган кызматка ушул жылдын 13-майында дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM