Биз менен байланышыңыз

Президент: Томолой жетим балдардын жөлөкпулу үч эсе жогорулайт

Кыска кабар | 31 Авг 2021 | 239 | 0

Ушул жылдын октябрь айынан баштап мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жөлөкпулдун көлөмү 6000 сомго, 2022-жылдан тартып 8000 сомго көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров эгемендиктин 30 жылдыгына карата өткөн майрамдык салтанатта сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун айтымында, ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдардын жөлөкпулунун өлчөмүн 2022-жылдын 1-январынан тартып үч эсеге жогорулатуу каралып жатат.

Башкача айтканда социалдык колдоого муктаж жарандардын айрым категорияларына социалдык колдоо көрсөтүлүп, жөлөк пулдарынын өлчөмү 1-октябрдан 50 %га, 2022-жылдын 1-январынан 100 %га жогорулайт.

«Өлкө башчысы жана аткаруу бийлигинин жетекчиси катары Кыргызстандагы ар бир жарандын жашоо шарты үчүн өзүмдү жоопкер, алардын алдында өтө милдеттүү сеземин. Айрыкча, социалдык жактан коргоого муктаж үй-бүлөлөрдүн акыбалы кабыргамды кайыштырат. Азык-түлүк баалары көкөлөгөн азыркы заманда мен социалдык жактан коргоого муктаждардын көргөн күнүн, көйгөйүн күн-түн эсимден чыгарбай, көңүлүмдө түйүп келем. Аларды багып алуу менин милдетим. Кыргыз эч качан жетим-жесирин кор тутчу эмес! Орточо эсеп менен эки жүз миңдей үй-бүлө жакырчылыкта күн кечирүүдө.  Мен алар үчүн жоопкермин» , — деди Садыр Жапаров.

Мындан сырткары президент ушул жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү индексация боло тургандыгын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM