Биз менен байланышыңыз

Президент ИИМдин ички аскерлеринин 80 жылдык мааракесине катышты

Кыска кабар | 24 Авг 2021 | 433 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-августта Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Салтанатта мамлекет башчысы ИИМ ички аскердик бөлүктөрүнө Күжүрмөн туу тапшырды.

Президент 80 жыл мурда түзүлгөн ички аскерлер кызматы бүгүнкү күндө да өлкө аймагында коопсуздукту камсыздап, стратегиялык мааниге ээ болгон мамлекеттик объектилерди эле кайтарбастан, коомубузга коркунуч туудурган ар кандай чакырыктарга каршы алгылыктуу иштерди жүргүзүп жатканын белгиледи.

Президент белгилегендей, Министрлер кабинети «Кыргыз Республикасынын айрым категориядагы аскер кызматчыларына акчалай көмөк көрсөтүү жөнүндө» токтом даярдаган.

Ага ылайык, ушул жылдын 1-октябрынан тарта Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин эмгек акысын 40 %га көтөрүү пландаштырылган.

Ошондой эле Ички иштер министрлигинин ички аскер кызматкерлеринин өзгөчө шарттарда кызмат өтөөрүн эске алуу менен ушул жылдын 1-сентябрынан тарта кызматкерлердин 1 жылдык кызмат өтөөсү эми 1,5 жыл деп эсептелери, ал эми Баткен облусунда кызмат өтөгөндөрдүн 1 жылы 2 жылга тете деп эсептелери белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM