Киев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн маңдайкы бети оңдолду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Имараттын сырты капиталдык оңдоого муктаж эле. Бирок көп жылдар бою бул ишти эч ким колуна алган эмес, бул жолу демөөрчүлөр косметикалык оңдоо жүргүзүп беришти.
Киев көчөсү, №135 үйдүн жашоочуларынын кайрылуусунун негизинде Биринчи май муниципалдык администрациясынын башчысы демөөрчү таап, үйдү оңдотуп берүү чечимин кабыл алган.