Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан беш бейтап каза болуп, дагы 248 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 21 Авг 2021 | 442 | 0

Кыргызстанда 21-августка карата коронавирус дагы 248 адамдан аныкталды. Бул тууралу Республикалык штаб билдирди.

Алар Бишкек шаарында – 121, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 51, Ош облусунда – 6, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 25, Жалал-Абад облусунда – 13, Баткен облусу — 16 адамдан илдет табылган.

Ошол эле учурда бир суткада 492 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча беш бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 451 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 467 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 173 миң 676 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 165 миң 860 киши айыгып чыкса, 2 миң 478 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM