Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эки адам каза болду

Кыска кабар | 16 Авг 2021 | 281 | 0

Ысык-Көл облусунун Корумду айылында бүгүн, 16-августта саат 00:47лер чамасында үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Subaru Forester, Аudi A6 жана Mazda-626 үлгүсүндөгү унаалар кагышып, 32 жаштагы эркек жана 20 жаштагы кыз ооруканада каза болду.

Ошондой эле 8 адам ар кандай жаракат алган. Жабыркаган жарандар Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген.

Copyright © 2017 Maral FM