Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан алты бейтап каза болуп, дагы 520 адамдан табылды

Кыска кабар | 15 Авг 2021 | 477 | 0

Кыргызстанда 14-августка карата коронавирус дагы 520 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдиирди.

Алар Бишкек шаарында – 299, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 883, Ош облусунда –14, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 12, Ысык-Көл облусунда – 39, Жалал-Абад облусунда – 37, Баткен облусунда – 197 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 654 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча алты бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 216 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 591 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 171 миң 758 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 162 миң 104 киши айыгып чыкса, 2 миң 439 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM