Бишкек-Ош жолунда болгон унаа кырсыктан беш адам оор жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат борбору билдирди.
Окуя бүгүн, 8-августта таңкы саат 6 чамасында болгон. Бишкек-Ош жолунун Өзгөн районундагы Шералы айылы тилкесинде Honda Stepwgn унаасын Hyundai Porter унаасы капталдан сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен Мырза-Аке айылынын беш тургуну оор жарадар болгон.
Жерине барган ӨКМдин Өзгөн райондук бөлүмүнүн 3 куткаруучу жаракат алгандарды райондук ооруканага жеткиришкен. Жабыркагандардын абалы оор экени айтылды.