Биз менен байланышыңыз

Мээрим Жуманазарованын атасы: Кызым мээнеткеч болуп өстү

Кыска кабар , Спорт | 7 Авг 2021 | 1939 | 0

Токиодогу Олимпиада оюндарында коло медаль алган спортчу кыз Мээрим Жуманазарованын атасы Дүйшөн Жуманазаров кызы тууралуу учкай айтып берди.

Дүйшөн Жуманазаров Мээримди спортко алып келип, машыктырган биринчи машыктыруучусу болот. Анын айтымында, кызы баарына жөндөмдүү болуп, айткан көрсөтмөлөрдү так аткарчу.

«Мээрим кичинекей кезинде тентегирээк болгон. Бала кезинен мээнеткеч болуп өстү, айткан нерсени так аткарчу. Күрөшкө катышкандан кийин машыгууларды калтырган жок. Машыгууларды баштаганына 1,5 жыл болгондон кийин Таиландга барып, Азия чемпионатынан үчүнчү орун алды. Биринчи ийгилиги 2014-жылы болду. Ошондон бери жылда куру кол калбайт: алтыны да, күмүшү да бар», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Мээрим Жуманазарова Кыргызстандын тарыхында кыз-келиндер күрөшү боюнча Олимпиаданын байгесин алган биринчи спортчу болуп калды. Ага байланыштуу Дүйнөлүк күрөш уюму аны тарых жаратуучу деп атаган.

Бүгүн, 7-августта Кыргызстанга Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларыбыз кайтып келди. Аларды «Манас» аэропортунан туугандары, күйөрмандары, журналисттер тосуп алууда. Алардын келишине карата «Ала-Тоо» аянтында салтанаттуу иш-чара даярдалды.

Copyright © 2017 Maral FM