Биз менен байланышыңыз

Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын коло байгесин утту

Кыска кабар , Спорт | 3 Авг 2021 | 2055 | 0

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова (68 кг) Токиодогу Олимпиада оюндарында коло байге утуп, Кыргызстанга экинчи медаль алып келип берди.

Ал коло үчүн кармашта монголиялык спортчу Батцэцэг Соронзонболдын менен күрөшүп, атаандашынын далысын килемге басып, таза жеңишке жетти.

Эскерте кетсек, Кыргызстанга Токиодогу алгачкы Олимпиада медалын бүгүн, 3-августта кыргызстандык балбан Акжол Махмудов алып берди.

Мээрим Жуманазарова алгачкы кармаштарга 2-августта чыккан. 1/8 финалда ал болгариялык Мими Христованы 7:5 эсебинде жеңген. Чейрек финалда Жуманазарова нигериялык Блессинг Оборудуду менен күрөшүп, 2:3 эсебинде утулган болчу. Аны жеңген балбан кыз финалга чыккандыктан кыргызстандык спортчу үчүн көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк жаралган. Жуманазарова бүгүн, 3-августта көңүл жубатуучу беттеште азербайжандык Элис Манолованы утуп, коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Акжол Махмудов Олимпиада оюндарында күмүш байге алды

Copyright © 2017 Maral FM