Биз менен байланышыңыз

Акжол Махмудов Олимпиада оюндарында күмүш байге алды

Кыска кабар , Спорт | 3 Авг 2021 | 1092 | 0

Грем-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Акжол Махмудов (77 кг) Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш байге алды.

Финалдык беттеште Махмудов венгриялык Тамаш Лёринц менен күрөшүп, ага 1:2 эсебинде жеңилип калды.

Белгилей кетсек, Акжол Махмудов Кыргызстанга 2008-жылдан берки алгачкы Олимпиада медалын алып берди. Бээжиндеги Олимпиададан бери кыргыз спортчулары байге ала элек болчу.

2008-жылы Олимпиада оюндарында балбан Канат Бегалиев күмүш жана Руслан Түмөнбаев коло медаль уткан.

Бүгүн, 3-августта балбан кыз Айсулуу Тыныбекова да Олимпиаданын финалына чыкты. Анын кармашы эртең, 4-августта өтөт.

Айсулуу Тыныбекова Олимпиаданын алтыны үчүн күрөшөт

Copyright © 2017 Maral FM