Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова Олимпиаданын алтыны үчүн күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 3 Авг 2021 | 1316 | 0

Токиодогу Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөштө кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) финалга чыкты.

Жарым финалда Тыныбекова украиналык балбан кыз Ирина Коляденко менен күрөшүп, аны 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.

Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарынын финалына чыккан кыргызстандык үчүнчү спортчу, ал эми кыз-келиндер арасында биринчи балбан кыз болду. Буга чейин Олимпиаданын финалына 2008-жылы Канат Бегалиев жана кечээ, 2-августта Акжол Махмудов чыкты.

Белгилей кетсек, биринчи беттешинде Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьева менен күрөшүп, аны 8:0 эсебинде жеңген. Чейрек финалда румыниялык Криста Тунде Инцзе менен күрөшүп, атаандашынын далысын килемге басып, таза жеңишке жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM