Президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев «Камбар-Ата-1» ГЭСин биргелешип курууну талкуулады. Бул тууралуу өзбек президентинин басма соз кызматы билдирди.
Бул маселе кечээ, 6-августта Түркмөнстандагы Борбор Азия мамлекет башчыларынын саммитинин алкагындагы жолугушууда каралган.
Кечээ, 6-августта Кыргызстан президентинин администрациясынын басма сөз кызматы Жапаров менен Мирзиёевдин жолугушуусу тууралуу маалымат берген. Анда эки президент Жапаровдун 11-12-марттагы Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды талкууланганы кабарланган. Бирок «Камбар-Ата-1» тууралуу сөз болгону ачыкталып айтылган эмес.
«Камбар-Ата-1» ГЭСин Өзбекстан менен биргелешип куруу маселеси коомчулук арасында ача пикирди жаратып келет. Аны колдогондор да, каршы чыккандар да бар. Каршы болгондор «Камбар-Ата-1» стратегиялык объект болгондуктан, аны коңшу мамлекет менен бирге курууга болбойт деп эсептейт.