Connect with us

Олимпиада: Эртең Дарья Маслова марафондук аралыкка чуркайт

Кыска кабар , Спорт | 6 Авг 2021 | 1470 | 0

Эртең, 7-августта кыргызстандык жөө күлүк Дарья Маслова Токиодогу Олимпиада оюндарында марафондук аралыкка (42 чакырым 195 метр) чуркайт.

Жөө күлүктөрдүн жарышы Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 4:00дө башталат. Ага 88 спортчу катышат.

Эскерте кетсек, Токиодогу Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу кеткен. Алардын ичинен 15 спортчу жарыштарга катышып бүттү.

Учурда Кыргызстандын куржунунда 2 күмүш, 1 коло бар. Күмүш байгелерди Айсулуу Тыныбекова (62 кг) менен Акжол Махмудов (77 кг), ал эми коло медалды Мээрим Жуманазарова (68 кг) алды.

Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталып, жабылуу аземи өтөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM