Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту.
Жолугушууда президенттер стратегиялык өнөктөштүктү, эки өлкө алакасын талкуулашкан. Ошондой эле коронавирус пандемиясы учурунда эки өлкөнүн жарандарынын чек арадан өтүү маселелери жөнүндө да сөз болгон.
Жапаров Кыргызстан боордош Казакстан менен саясий, соода-экономикалык, транспорт-логистикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары да кеңейтүүнү көздөп жатканын белгилеген.
Өз кезегинде Касым-Жомарт Токаев боордош эки өлкөнүн — Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда чечилбеген көйгөйлөр болбошу керектигин белгилеп, өз ара байланыштарды тереңдетүүнү улантуу зарыл экенин айткан.
Токаев Садыр Жапаровдун Борбор Азия мамлекет башчыларынын бүгүнкү консультативдик жолугушуусунун алкагында жакшы демилгелерди көтөргөнүн белгилеп, ал сунуштарды эл аралык аянтчаларда колдоого даярдыгын билдирген.