Биз менен байланышыңыз

УКМК Темир Сариевди кармады

Кыска кабар | 3 Авг 2021 | 1475 | 0

«Кумтөр» иши боюнча мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Сариев бүгүн, 3-августта кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө аныктагандай, Сариев экономика министри жана тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган учурда «Кумтөр» кенинин ишинен экологияга келтирилген зыянды азайтып көрсөткөн. Анын айынан мамлекет ири өлчөмдөгү чыгымга учураган.

Биринчи май райондук соту 48 саат ичинде анын баш коргоо чарасын карайт.

Белгилей кетсек, «Кумтөр» иши боюнча тергөө менен кызматташуу үчүн 2-августта Кыргызстанга мурдагы президент Аскар Акаев келген.

УКМК: Аскар Акаев Бишкекке алып келинди

Copyright © 2017 Maral FM