Connect with us

УКМК: Аскар Акаев Бишкекке алып келинди

Кыска кабар | 2 Авг 2021 | 2356 | 0

Издөөгө жарыяланган экс-президент Аскар Акаев Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Мурда маалымдалгандай, «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө алкагында, мекемелер аралык тергөө тобу тарабынан өлкөнүн мурунку президенти Аскар Акаевге издөө жарыяланган.

Акаев мурдагы жогорку кызмат адамдары менен бирге 1992-жылы «Кумтөр» долбоору боюнча Башкы келишимди түзүүдө, 1994-жылы ага өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда, ошондой эле 2003 -жылы «Камеко» компаниясы менен түзүлгөн Башкы келишимди реструктуризациялоо учурундагы коррупция боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Ошентип, тергөө Акаевдин президенттигинде «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруу учурунда коррупцияга аралашкан бардык күнөөлүү адамдарга укуктук баа берген.

Ошол эле учурда УКМК Акаевди республиканын аймагына алып келип, кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча иштерди жүргүзгөн.

Бүгүн, 2-август күнү мурдагы президент Аскар Акаев Бишкек шаарына алып келинип, мекемелер аралык тергөө тобуна өткөрүп берилди.

Азыркы учурда Акаев УКМКнын имаратында. Анын катышуусу менен «Кумтөр» кени боюнча козголгон кылмыш ишине тергөө жүргүзүлүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM