Биз менен байланышыңыз

Акаев: Тергөөгө жардам бергим келет

Кыска кабар | 2 Авг 2021 | 714 | 0

«Кумтөр» иши боюнча көрсөтмө берип, тергөөгө жардам бергим келет. Бул тууралуу мурдагы президент Аскар Акаев журналисттерге билдирди.

Ал биринчи суракка кирип чыкканын жана суроолорго жооп бергенин маалымдады. Анын айтымында, ал Кыргызстанга «Кумтөр» кантип, эмне үчүн курулганын, ал учурда кандай каталар кетирилгени тууралуу айтып берүү үчүн келген.

«Мен кызматташууга, жардам берүүгө келдим. Сиздер билгендей, мага карата «Кумтөр» иши боюнча дооматтар бар. «Кумтөр» менин убагымда салынган. Мен көрсөтмө берип, тергөөгө жардам бергим келет», — деди ал.

Ошол эле учурда ал сурак бүгүн гана башталганын, андыктан айрым суроолорго жооп бере албасын айтты.

«Кумтөр» иши боюнча жооп бере албайм. Дагы бир топ жолугушуулар болот. Иш бүткөндөн кийин гана айта алам». — деди ал.

Акаев «Кумтөр» боюнча коюлуп жаткан айыптоолорду мойнуңузга алдыңызбы?», — деген суроого жооп берген жок.

УКМК: Аскар Акаев Бишкекке алып келинди

Copyright © 2017 Maral FM