Биз менен байланышыңыз

Талгарбеков: Акаев кайра Москвага кайтат

Кыска кабар | 2 Авг 2021 | 793 | 0

Мурдагы президент Аскар Акаев «Кумтөр» иши боюнча УКМКнын суроолоруна жооп бергенден кийин кайра Москвага кайтат. Бул тууралуу мурдагы вице-премьер-министр Бекболот Талгарбеков «Азаттыкка» билдирген.

Талгарбековдун айтымында, ал Кыргызстанга УКМК менен макулдашып келген. Демилгени УКМК көтөрүп, баары мыйзам чегинде болоруна кепилдик берилгенден кийин Акаев сунушту кабыл алган.

«Биринчи максаты: УКМКнын сунушуна макул болуп, коюлган суроолоруна жооп берүү. Экинчи максаты: мурдагы бийликтердин тушунда эки агасы өтүп кеткен, аларга топурак сала алган эмес, куран окута алган эмес, ошолорго куран окутуу. Ошондон кийин кайра эле кайтат Москвага. Кайтып, иштерин улантат», — деген ал.

Эскерте кетсек, бүгүн, 2-августта УКМК Акаев Бишкекке алып келингенин билдирди. Ал «Кумтөр» иши боюнча сурак берет.

УКМК: Аскар Акаев Бишкекке алып келинди

Copyright © 2017 Maral FM