Connect with us

УКМК: «Түндүк» темир жол бажысында коррупциялык схема аныкталды

Кыска кабар | 30 Июл 2021 | 406 | 0

«Түндүк» темир жол бажысында коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Белгилүү болгондой «Түндүк» темир жол бажысынын бажы тариздөө борборунун бажы эрежелерин сактоо боюнча тобунун кызматкерлери логистикалык компаниялардын айрым өкүлдөрү менен кылмыштуу байланыш түзүп, тиешелүү бажы төлөмдөрүн төлөбөй өтүшү үчүн логистикалык компаниялардан акча алып турган.

29-июлда бажы төлөмүн төктүрбөй товар өткөргөнү үчүн акча алып жаткан жеринен Х.Э. аттуу кызматкер кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо жана мамлекетке келтирилген зыянды тактоо иштери жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM