Биз менен байланышыңыз

Артка кайтарылган мыйзам долбоорлоруна кайра добуш берилет

Кыска кабар | 29 Июл 2021 | 695 | 0

Бүгүн, 29-июлда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзам долбоору кайрадан биринчи окууда талкууга коюлду.

Муну менен катар өткөн жумада көптөгөн нааразылыктардан улам аткаруу бийлигинин ишине байланышкан төрт мыйзам долбоору артка чакырылып, кайра иштеп чыгууга жиберилген. Алар төмөнкүлөр:

«Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзам долбоору;

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзамдын долбоору;

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзам долбоору;

«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзам долбоору.

Бүгүн демилгечилер аталган мыйзам долбоорлорунун концепциясы биринчи окууда кабыл алынса, экинчи окууга жөнөтөрдө гана сын-пикирлер, сунуштар эске алынарын айтышты. Башкача айтканда, өткөн жумада айтылган кемчиликтерин оңдобостон, кайра добуш берүүгө алып келишти.

Бир топ эл өкүлү мыйзам долбоорун талкуулоону токтотуп, жумушчу комиссия түзүп, түзөтүүлөрдү кошуп, кайра иштеп чыгуу сунушун беришти. Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоорлору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Президент сунуштаган мыйзам долбоорлору күн тартибинен алынды

Copyright © 2017 Maral FM