Биз менен байланышыңыз

Президент сунуштаган мыйзам долбоорлору күн тартибинен алынды

Кыска кабар | 22 Июл 2021 | 1218 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттары 22-июлдагы жыйынында «Министрлер Кабинети жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзам долбоорлорун биринчи окууда талкуулады.

Бир катар эл өкүлдөрү документ чийки экенин айтып, ал тууралуу баяндама жасагандарды сындашты. Мыйзам долбоорунун демилгечиси катары президент көрсөтүлгөн. Баяндаманы Юстиция министри Асел Чыныбаева жасады.

Анын айтымында, документ аркылуу министрлер кабинетинин курамын дайындоонун жана түзүүнүн жаңы тартиби көрсөтүлгөн.

Министрлер кабинетинин укуктук статусу, анын түзүмү жана курамы, ыйгарым укуктары, жоопкерчилиги, ишмердүлүүгүн  уюштуруунун тартиби, ошондой эле Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңеш жана бийликтин башка органдары менен кызматташуу тартиби аныкталган.

Депутат Каныбек Иманалиев «Министрлер кабинети жөнүндө» мыйзам долбоору кабыл алынса, Жогорку Кеңештин ролу төмөндөп кетерин, бул документтин ченемдери мамлекеттик бийлик институттарын алсыратууга багытталганын айтты.

Себеби сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда министрлер кабинети президентке гана баш иет деген берене бар.

«Мыйзам долбоордун 3-беренесинде министрлер кабинети өз ишин президенттин гана тапшырмаларынын жана көрсөтмөлөрүнүн негизинде жүргүзөт деп айтылат. Жогорку Кеңеш жөнүндө бир дагы сөз жок. Министрлер кабинети президентке гана жооп берет. Мындай көрүнүш 30 жылдан бери болгон эмес. Мындай мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин парламент өзүнүн актуалдуулугун жоготот», — деди Каныбек Иманалиев.

Дагы бир эл өкүлү Сайдулла Нышанов да бул мыйзам долбооруна каршы ойлорун билдирди. Мыйзамда эгер президент сунуш кылган талапкерлер парламентте үч жолу тең өтпөсө, анда президент министрлер кабинетинин башчысын жана министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындай алат деп айтылган.

Депутат Нышанов: «Эгер президент сунуштаган талапкер үч жолу өтпөй калса, анда аны кайрадан дайындоонун эмне кереги бар? Андан кийин президент өзү коет деп эле жазып койгула биротоло. Анда парламенттин таптакыр кереги жок. Азыр дүйнө мамлекеттери демократияга умтулуп жатышат. А сизге окшогон министрлер президентти туура эмес жолго салып жатышат», — деген оюн айтты.

Эл өкүлү Бакыт Төрөбаев Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин статусу акимдерден төмөн болуп калганына нараазы болду. Төрөбаев Конституцияда президент акимдерди, ал эми Министрлер кабинетинин башчысы Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин дайындайт деп жазылганын, муну менен Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин статусу акимдердин деңгээлинен төмөн болуп калганын айтты.

Депутат Дастан Бекешев Конституцияны кабыл алуу менен парламент өзүн-өзү кастрациялаганын эске салды.

Бекешев парламентте «Министрлер кабинети» тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда талкууланып жатканда бул документти комитетте өзүнчө талкуулоо керектигин белгиледи.

«Биз кийинки жумада шайлоо тууралуу мыйзам долбоорун карайбыз. Мындай мыйзам долбоорлорун бир күн кечке талкуулаш керек. Азыркы мыйзамда да чийки болгон беренелер көп экен. Депутаттарга айтар элем, биз жаңы Конституцияны кабыл алып бергенде эле парламент өзүн-өзү кастрациялаган», — деди депутат.

Депутат Абдывахап Нурбаев да баяндамачылар мыйзам долбоорун түшүндүрүп берүүгө даяр эмес экенин айтып, бул мыйзамды күн тартибинен алып салууну сунуштады. Бул сунуш алгач колдоо тапкан эмес.

Демилгечилер болсо мыйзам долбоорунун концепциясын биринчи окууда кабыл алууну өтүнүп, сунуштар экинчи окууда эске алынарын айтып жатышат.

Көптөгөн нааразылыктардан улам добуш берүүнүн жыйынтыгында төмөнкү төрт мыйзам долбоору артка чакырылып, кайра иштеп чыгууга жиберилди.

«Министрлер Кабинети жөнүндө» мыйзам долбоору;

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзамдын долбоору;

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзам долбоору;

«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзам долбоору.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун бул шилтеме менен кирип, окуңуз.

Мыйзам долбоору: Акимдерге кол тийбестик берүү сунушталууда

Copyright © 2017 Maral FM