Биз менен байланышыңыз

Мыйзам долбоору: Акимдерге кол тийбестик берүү сунушталууда

Кыска кабар | 21 Июл 2021 | 575 | 0

Президенттин сайтында «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Ал документке ылайык, район акимдеринин ыйгарым укуктары кеңейтилип, кол тийбестик берилет. Мыйзам долбоору эртең, 22-июлда Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралат. Ал президент тарабынан демилгеленген.

Мыйзам долбоорунун 8-беренесинде мындай деп айтылат:

  1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ишин бир жетекчилик принцибинде жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы (мындан ары — аким) жетектейт.
  2. Аким президент тарабынан дайындалат жана кызматтан бошотулат.
  3. Акимдин кызмат орду саясий кызмат орун болуп эсептелет. Аким тиешелүү аймакта башкы мамлекеттик кызмат адамы болуп эсептелет.
  4. Аким аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн президенттин жана Министрлер кабинетинин алдында жеке жоопкерчилик тартат.
  5. Аким кол тийбестик укугуна ээ жана ал кылмыш жасагандын үстүнөн кармалган учурларды кошпогондо, кармалышы жана камакка алынышы, тинтүүгө же жеке кароого алынышы мүмкүн эмес. Акимди жазык жоопкерчилигине тартууга Башкы прокурордун сунушу боюнча жана президенттин макулдугу менен жол берилет.
  6. Аким өзүнүн ыйгарым укуктарын токтоткондон кийин жана ээлеген кызматынан бошотулгандан кийин акимдин ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан мезгилде жасаган укукка каршы жосундары үчүн жазык жоопкерчилигине ушул беренеде каралгандан башка тартипте тартылышы мүмкүн эмес.
  7. Акимди жеке кароого жол берилбейт, буга башка адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында мыйзамда каралган учурлар кирбейт.

Copyright © 2017 Maral FM