Биз менен байланышыңыз

Коронавируска каршы эмделип жаткан өлкө башчылары

Блог | 23 Июл 2021 | 2892 | 0

Бүгүн, 23-июлда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Ал Кытайдан алынган Sinopharm вакцинасынын биринчи дозасы алды.

Эмдөөдөн өткөн Жапаров жалпы кыргызстандыктарды эмделүүгө, вакцина тууралуу айтылып жаткан ушак-айыңдарга ишенбөөгө чакырды.

«Социалдык түйүндөрдө вакцина зыян алып келет деп жаткан адамдарга кайрылам, антип элди адаштырбаңыздар. Вакцинаны эч ким кыйнап алдырбайт. Ар бир адамдын өз каалоосу менен болот. Мен дагы бүгүн вакцина алдым», — деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Жапаров элди коронавируска каршы эмделүүгө көп ирет үндөгөн. Ошол эле учурда президенттин өзү эмдөөдөн өтпөгөнү коом ичинде сынга кабылып келген.

Буга чейин бир катар өлкө лидери коронавируска каршы эмделген. Алардын айрымдарын сиздердин назарыңыздарга сунуштайбыз.

Садыр Жапаровдун вакцина алып жатканын жергиликтүү ММКлар түз эфирде көрсөттү.

Орусиянын президенти Владимир Путин коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 23-мартта, экинчисин 14-апрелде алган. Ал орусиялык вакцина менен эмделгени кабарланганы менен кайсы вакцина экени так айтылган эмес. Путин июнь айынын аягындагы түз эфири учурунда элден келген суроолорго жооп берип жатып «Спутник V» вакцинасы менен эмделгенин айткан. Путиндин вакцина алып жаткан сүрөтү коомчулукка көрсөтүлгөн эмес.

Казакстандын биринчи президенти, елбасы макамын алып жүргөн Нурсултан Назарбаев июнь айынын аягында эмдөөдөн өткөн. Ал Караганда фармацевтикалык заводунда өндүрүлгөн «Спутник V» вакцинасы менен эмделген. Вакцина алгандан кийин ал казакстандыктарга кайрылып, эмдөөдөн өтүүгө жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого чакырган. «Вирустун жаңы штаммдары чыгып жаткандыктан азыр вакцина алуу өтө маанилүү. Муну өзүбүздүн ден соолугубуз үчүн жасашыбыз керек», — деп, ал баарына ден соолук каалап өткөн.

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон AstraZeneca вакцинасынын биринчи дозасы менен март айынын ортолорунда эмделген. «Эмдөөдөн өтүү — биз сагынып жүргөн эски жашоого кайтып келүү үчүн биз жасай ала турган эң жакшы иш. Эмдөөдөн өтөлү», — деп жазган ал Twitterˈге.

АКШнын президенти Жо Байден былтыр декабрь айында Pfizer вакцинасы менен эмделген. Анын эмдөөдөн өтүп жатканы түз эфирде көрсөтүлгөн. «Мен вакцина жеткиликтүү болгондо эл эмдөөдөн өтүүгө даяр болушу үчүн көпчүлүктүн алдында эмделип жатам. Чоочулай турган эч нерсе жок», — деген анда ал.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган быйыл жыл башында эмдөөдөн өткөн.

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин AstraZeneca вакцинасы менен эмделген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский быйыл март айында Донбасста жүргөндө AstraZeneca вакцинасы менен эмделген. Вакцина алгандан кийин ал Twitterˈге билдирүү калтырган. «Башкы колбашчы катары биздин жоокерлер менен бирге эмделдим. Вакцина чектөөлөрсүз жашоого кайтууга жол ачат», — деген ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM