Биз менен байланышыңыз

Парламент Баткенге өзгөчө макам берүүнү колдоду

Кыска кабар | 23 Июл 2021 | 684 | 0

Жогорку Кенеш «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Мыйзам долбоорун өкмөт демилгелеген.

Жыйында депутаттар мыйзам долбооруна ичи чыкпаганын билдирип, алымча-кошумчаларын айтканы менен мыйзам долбоорун колдоп беришти.

Документке ылайык, Баткенде өзгөчө салык, инвестициялык режим белгиленип, облустун тургундарына мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча өзгөчө жеңилдетилген режим каралат.

Облус башчысына мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо, укук коргоо органдары, күч түзүмдөрү менен өз ара аракеттенүү боюнча тиешелүү ыйгарым укуктар берилет.

Мыйзамды ишке ашыруу үчүн жыл сайын 500 млн сом бөлүнүп турат.

Баткенге өзгөчө макам берүү менен эмне өзгөрөт?

Copyright © 2017 Maral FM