СССР учурунда жер-суу аттары коммунисттик идеологияга ылайыкташтырылып коюлуп келген. Мына ушундай атты алып жүргөн жерлердин бири — Ленин чокусу.
Тарыхына кыскача токтолсок, чоку тууралуу маалымат 1871-жылы саякатчы Алексей Федченконун илимий эмгегинде баяндалган. Ал чокуга Туркестан облусунун генерал-губернатору Кауфмандын атын берүүнү туура көргөнүн жазган. Кийинчерээк 1928-жылы жаңы бийлик советтик мамлекеттин түптөөчүсү Владимир Ильич Лениндин атына которгон. 2006-жылы Тажикстан Өкмөтү чокуну толук бойдон өз өлкөсүнө таандык деп жарыялап, Абу али ибн Синанын атын койгон. 2017-жылы Кыргызстандын ошол кездеги президенти Алмазбек Атамбаевдин сунушу менен Жогорку Кеңеш «Ленин чокусун Манас чокусу деп өзгөртүү жөнүндө» токтом кабыл алган.
Чокуну алгач 1928-жылы совет-герман экспедициялык тобунун мүчөлөрү, алпинисттер Карл Вин, Ойген Алльвайн жана Эрвин Шнайдер багындырган. 1934-жылы советтик экспедициянын мүчөлөрү Абалаков, Чернуха жана Лукин чыккан.
Чоку кайда жайгашкан?
Манас чокусу 7134 метр бийиктикте жайгашып, Кыргызстан боюнча Жеңиш чокусунан кийинки экинчи орунда, КМШ боюнча үчүнчү орунда турат. Чоку Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, Памир-Алай тоо кыркасында жайгашкан.
сүрөт @samatalikenov_
сүрөт @samatalikenov_
Тоо аймагынын климаты:
Памир — табияты катаал жер. Кышы узак, жайы өтө кыска. Райондун бардык тоо кыркаларын төрт мезгил кар басып турат.
Жайкы таң -20 градус суук болуп, түшкө жакын 0 градуска чейин көтөрүлөт. Кыштын жылуу учуру -40 градусту түзөт. Жай салкын болгондуктан чокуга чыгууда кыйынчылык жаратпайт. Ал эми Памир-Алай тоо кыркасынын чыгыш бөлүгү альпинизм үчүн өтө ыңгайсыз делет. Себеби кышкысын -50 градус, айрым учурда андан да катуу суук болот.
сүрөт @samatalikenov_