Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Тажикстанга качып өткөн ооган кыргыздарын Кыргызтанга алып келүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Кыска кабар | 15 Июл 2021 | 1071 | 0

«Талибан» кыймылынан сактануу үчүн Ооганстандан Тажикстанга качып өткөн ооган кыргыздарын Кыргызтанга алып келүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Бул боюнча министрлик БУУнун качкындар иши боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгына кайрылып, Тажикстандагы ооган кыргыздарын Кыргызстанга көчүрүп келүүгө жардам берүүнү суранган.

Ошондой эле, министрлик Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөтүп, ооган кыргыздарын кыргыз-тажик чек арасына тоскоолдуксуз жеткирүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.

Министрлик бул маселе президент Садыр Жапаров менен Министрлер кабинетинин жеке көзөмөлүндө экенин белгилейт.

Эскерте кетсек, Тажикстандын Чек ара кызматы 13-14-июль күндөрү Ооганстандан Тажикстанга 347 ооганстандык кыргыз өткөнүн билдирген. Алардын 91и эркек, 77си аял жана 177си жашы жете элек балдар. Алардын ичинен жолдо эки ымыркай чарчап калган.

Тажикстанга качып өткөн ооган кыргыздарынын саны 347ге жетти

Copyright © 2017 Maral FM