Биз менен байланышыңыз

Тажикстанга качып өткөн ооган кыргыздарынын саны 347ге жетти

Кыска кабар | 15 Июл 2021 | 673 | 0

13-14-июль күндөрү Ооганстандан Тажикстандын аймагына 347 ооганстандык кыргыз өттү. Бул тууралуу Тажикстандын УКМКсынын Чек ара аскерлеринин басма сөз борбору билдирди.

Тажикстанга өткөн ооган кыргыздарынын 91и эркек, 77си аял жана 177си жашы жете элек балдар. Чек араны өтүп жаткан учурда эки ымыркай көз жумган.

Алар Ооганстандын Бадахшан провинциясынын Вахон уездинин Андемин кыштагынын тургундары болушат. Ооган кыргыздары Ооганстанда күч алып жаткан «Талибан» кыймылынан сактануу үчүн Тажикстанга өткөн.

Тажикстандык чек арачылар ооган кыргыздарынын өз аймагына өтүшүнө тоскоолдук кылган эмес.

Учурда алар Тажикстандын Мургаб районунун Кызыл-Работ айыл аймагынын Чоштепп жана Дуютук деген жерлеринде жайгаштырылган.

Ооган кыргыздарын текшерүү учурунда алардан 3,5 кг баңгизат табылып, алынган.

Белгилей кетсек, буга чейин 13-июль күнү Тажикстанга 77 ооганстандык кыргыз өткөнү жана алар Мургаб районунун Андемин жана Чештеб деген жерлеринде жайгаштырылганы кабарланган.

Ооганстанда АКШ аскерлерин чыгара баштагандан тарта өкмөт аскерлери менен «Талибан» кыймылынын ортосундагы тиреш күч алган. «Талибан» кыймылы улам бир районду басып алууда.

Ховар: 77 ооганстандык кыргыз Тажикстандын аймагына өттү

Copyright © 2017 Maral FM