Ховар: 77 ооганстандык кыргыз Тажикстандын аймагына өттү

Кечээ, 13-июль күнү 77 ооганстандык кыргыз Ооганстандан Тажикстандын аймагына өттү. Бул тууралуу Тажикстандын УКМКсынын Чек ара аскерлеринин басма сөз борбору билдирди. Тажик чек арачылары ооганстандык кыргыздарга Тажикстандын аймагына өтүүсүнө тоскоолдук жараткан эмес. Маалыматта ооган кыргыздары Ооганстанда күч алып жаткан «Талибан» кыймылынан сактануу үчүн Тажикстанга өткөнү айтылат. Алар Ооганстандын Бадахшан провинциясынын Вахон уездинин Андемин кыштагынын тургундары болушат. … Читать далее Ховар: 77 ооганстандык кыргыз Тажикстандын аймагына өттү