Биз менен байланышыңыз

Калк үчүн электр энергиянын баасы кымбаттабайт

Кыска кабар | 14 Июл 2021 | 575 | 0

Калк үчүн электр энергиянын баасы көтөрүлбөйт. Бул тууралуу «Маралга» Энергетика жана өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин калк үчүн электр энергиянын баасын 1,09 сом кылуу сунушталып жаткан.

Министрликтен белгилешкендей, буга чейин электр энергиянын баалары боюнча сунушталган токтом долбоору бир ай коомдук талкуу болду. Коомдук талкуунун жүрүшүндө президент калк үчүн тарифтерди мурункудай калтырууну сунуштаган.

Эми электр энергиянын баасы 1 кВт/саат үчүн азыркыдай 0,77 тыйындан, ал эми бир айга белгиленген 700 кВт/саат чектөөдөн ашкандар үчүн 2,16 сомдон кала берет. Ошол эле учурда бийик тоолуу райондордун жашоочулары үчүн 1000 кВт/саат чектөө алынат.

Ал эми калган абоненттер үчүн баалар 1-сентябрдан тарта кымбаттайт.

Энергетика министрлиги калк үчүн электр энергиянын баасын 1,09 сом кылууну сунуштоодо

Copyright © 2017 Maral FM