Биз менен байланышыңыз

Энергетика министрлиги калк үчүн электр энергиянын баасын 1,09 сом кылууну сунуштоодо

Кыска кабар | 16 Июн 2021 | 512 | 0

Энергетика жана өнөр жай министрлиги калк үчүн электр энергиянын баасын 1,09 сом кылууну сунуштоодо. Бул тууралуу министрлик коомдук талкууга чыгарган токтом долбоорунда айтылат.

Документте айтылгандай, бийик тоолуу жана башка аймактарда жашаган тургундар үчүн айына 700 (1000) кВт/саат деген чектөөнү алып салуу сунушталууда. Ошол эле учурда бийик тоолуу аймакта жашабаган керектөөчүлөр үчүн күз-кыш мезгилинде гана 1000 кВт/саат чектөө белгиленип, андан ашкандар 1кВт/саат үчүн 2,52 сомдон төлөйт.

Бирок 2023-жылга чейин тарифти (насостук станциялар үчүн дагы) жыл сайын көтөрүп, 1,48 сомго жеткирүү пландалууда. Андан кийин жылда инфляцияга жараша тарифке түзөтүүлөр болуп турат. Калган абонентnер үчүн тариф 2022-жылдан тарта инфляцияга карап өзгөрөт.

Шаардык электр транспорт, диний уюмдар, интернат тибиндеги балдар, майыптар жана карылар үйлөрү үчүн тариф 1,68 сом болот.

Тиричиликтик эмес керектөөчүлөр үчүн тариф 2,52 сомду түзөт.

Эскерте кетсек, буга чейин тарифти көтөрүү маселеси айтылып, бийик тоолуу, алыскы аймактарда жашаган эл үчүн тарифти 1,04 сом, аз камсыз болгон жарандарга  — 0,74 сом, калган жарандарга 1,48 сом (кышында 1000 кВт/сааттан ашса 2,29 сом) деп белгилөө сунушталган. Тиричиликтик эмес керектөөчүлөр үчүн тариф 2,38 сом болмок.

Copyright © 2017 Maral FM